Бишкек шаардык милициясы интернет-алдамчылыкка шектелген топтун ишин аныктап, бөгөт койду
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү алдын ала иштелип чыккан схема боюнча аракет кылып, ар кандай ролдорду аткарышканы аныкталды. Алардын арасында «дропперлер» – кылмыш жолу менен алынган акча каражаттары түшкөн банктык карталардын жана эсептердин ээлери, дропперлердин ишин уюштурган жана көзөмөлдөгөн координатор, ошондой эле SIM-карталарды массалык түрдө активдештирген адамдар болгон. Бул SIM-карталар мессенджерлерде аккаунттарды ачуу жана жарандарга алдамчылык чалууларды жасоо үчүн колдонулган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр интернет-платформалар жана мессенджерлер аркылуу өздөрүн банк кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды алдап, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын көзөмөлүндөгү эсептерге которууга көндүрүшкөн. Акчалар түшкөндөн кийин алар тез арада накталайга айландырылып же башка эсептерге которулуп, кылмыштын изин жашырууга аракет жасашкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жыл башынан бери милиция кызматкерлери тарабынан 180ден ашык жаран аныкталып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Алардын ичинен 30дан ашуун адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уюлдук телефондор, банктык карталар, SIM-карталар жана башка далил буюмдар алынган.
Учурда бул факт боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып, окуянын бардык жагдайларын тактоо, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын жалпы көлөмүн эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.
