ИИМ дээрлик 29 кг баңгизат менен кылмыштуу топту колго түшүрдү
КР ИИМ
4 август

ИИМ дээрлик 29 кг баңгизат менен кылмыштуу топту колго түшүрдү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2026-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылы туулган Т.Ж.М. башкаруусундагы «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунаага кароо жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө автоунаанын жүк салуучу бөлүгүнөн беш капка салынган жалпы салмагы 28 кг 666 грамм болгон «марихуана» баңгизаты табылып, алынган.

Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1994-жылы туулган Э.Д.Д., 1995-жылы туулган И. у О. жана 1984-жылы туулган Б.К.М. кармалган.

Шектүүлөрдүн Нарын облусунун Жумгал районундагы жашаган даректеринде жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы салмагы 482 грамм болгон «марихуана» баңгизаты, ошондой эле баңгизаттарды даярдоодо колдонулган шаймандар (марли, газ баллону, газ конфоркасы жана ар түрдүү идиштер) табылып, алынган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана баңгизаттарды мыйзамсыз жеткирүү каналдарын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.