Кыргызстанда ак топоздун саны 300дөн ашты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “3+2+1” долбоорунун негизинде Тоң районунда ак топоздорду көбөйтүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Аймактагы фермерлер бул багытта акыркы он жылдан бери үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, жакшы натыйжаларга жетишүүдө.
Бүгүнкү күндө Тоң районунда ак топоздордун саны 300 баштан ашты. Фермерлер ак топоздорду эт багытында сойбой, тескерисинче, жыл сайын көбөйтүп, тукумун сактоо жана жакшыртуу иштерине өзгөчө көңүл буруп келишет. Ак топоздун эти, сүтү жана териси сапаты боюнча баалуу болуп, экспорттук мүмкүнчүлүгү жогору экени белгиленүүдө.
Фермерлердин арасынан өзгөчө айырмаланып келген малчы он жылдан бери ак топоз багуу менен алектенип, бул тармакты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Анын чарбасында азыр ондогон баш ак топоз багылып, тукумду жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Эмгеги жана жараткан жетишкендиктери үчүн учурда фермер министрлик тарабынан топоздун жаңы түрү - "Таштанбектин Ак топозу” деген наамды алуу алдында турат.
Мындан сырткары, министрликтин аймактык адистери тарабынан фермерлерге багуу технологиялары, жем-чөп базасын жакшыртуу жана асыл тукум багытындагы иштер боюнча методикалык жардамдар көрсөтүлүп, мал чарбачылыктын бул сейрек түрүн кеңейтүү максатында бир катар практикалык семинарлар өткөрүлүүдө.
