Кыргызстандын аймагында бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.
