Алагөзов: Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда куралчан чет элдик жарандар өлкөдөгү айрым объектилерди кайтарып жатат деген маалымат тараганын четке какты.
Анын айтымына караганда, видеодогу жигиттин сөздөрүнүн баардыгы жалган.
"Бир дагы чет өлкөлүк жаран курал алып биздин аймакта кандайдыр бир обьект кайтарбайт. Ага мыйзамдар да жол бербейт. Ошол эле маалда элди дүрбөлөңгө салуу максаты да кашкайып көрүнүп турат. Тилекке каршы, коомубузда маалыматтардын чын-бышыгын тактабай туруп, “чын эле ушундайбы?” деп ээрчип кеткен жарандарыбыз да бар", - деди ал.
Алагөзов толук жоопкерчилик менен, Кыргызстандын аймагында бир да чет мамлекеттин куралдуу күчтөрү же түзүмдөрү жок экендигин баса белгиледи.
"Болушу да мүмкүн эмес. Өлкө аймагындагы кен казуубу же башка биргелешкен чоң-чоң долбоорлор болобу, аларды иштетүүдөгү коопсуздукту өзүбүздүн милиция кызматкерлери же жеке күзөт кызматтары камсыз кылат", - деди ал.
Президенттин басма сөз катчысы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишими Уюмунун мүчөсү катары кабыл алган эл аралык милдеттенмелердин алкагында гана Кант шаарындагы Россиялык бирдиктүү аскердик объект иш алып барууда.
"Ал эми видеодо сүйлөп жаткан Айдарбек Раев 2024-жылы Американын жарандыгын алыптыр. Ал жакта жатып алып жомок токубай, бул жактагы туугандарынан деле сурап койсо болмок экен. Көрүнүп тургандай, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалабаган сырткы күчтөр бар. Айдарбектей балдар өздөрү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй мына ошондой күчтөрдүн куралына айланууда. Бийлик мызамдуу жоопко тарта баштаса “мени жөн эле жоопко тартып атат” деген сөздөрдү айта башташат", - деп, кыргызстандыктарды жалган маалыматтарды таратып провокация кылуудан алыс болууга чакырды.
