Уларбек Дүйшө уулу: Акылдуу эсептегич кайсы үйдө ким жашайт, кимдин кандай статусу бардыгына карабайт, карызы болсо, тегиз өчүрөт
27 август

Уларбек Дүйшө уулу: Акылдуу эсептегич кайсы үйдө ким жашайт, кимдин кандай статусу бардыгына карабайт, карызы болсо, тегиз өчүрөт

Кыргызстанда 2025-жылдан баштар электр энергиясын эсептөөдө акылдуу эсептегичтер орнотула баштаган. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнун башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, 2027-жылы бул процесс толугу менен аягына чыгат жана өлкөдөгү бардык абонеттер акылдуу эсептегичке өтөт.

Бирок ошол эле учурда эл арасында мурдагы кара эсептегичтерге артыкчылык берген жана акылдуу эсептегичтер тез айлантат, туура эмес эсептейт ж.б. сын пикирин айткандар жок эмес.

Дүйшө уулу акылдуу эсептегичтер же кара эсептегичтер болобу, алардын функциясы бирөө – абоненттер пайдаланган электр энергиясынын эсебин чыгаруу экенин белгиледи.

“Өлкөдө бардык тармактар активдүү санариптештирилүүдө. Биз, энергетиктер да бул агымдан артта калбашыбыз керек. Акылдуу эсептегичтер биздин кызматкерлердин жумушун жеңилдетет. Мурда адам факторлору көп болгон, кара эсептегичтердеги көрсөткүчтөрдү инспекторлор үймө-үй кыдырып жазып келишкен, анан аны операторлор базага киргизишкен. Анан дүмүрчөк чыгарып алып инспекторлор кайра ар бир үйгө барып, аны тапшырышкан. Убагында төлөбөгөн абонентке электр монтерлорду ээрчитип алып барып, жарыгын кыркышкан. Төлөшкөндөн кийин кайра барып күйгүзүп беришкен. Бул чынында өтө көп убакытты алган, кошумча чыгымдарды жараткан, убаракерчилиги көп болгон. Ар бир инспекторго айлык акы, техника жалдап баргандагы чыгымы. Бул процесске өтө көп адам катышкан”, – деди.

Башкы директордун орун басарынын айтымында, акылдуу эсептегичтер адам факторун дээрлик жок кылат. Ар бир айда абоненттин электр энергиясын канча колдонгону автоматтык түрдө эсептелет. Ошондой эле, “Менин жарыгым” тиркемеси аркылуу онлайн эсеп жиберилет. 7 календардык күн ичинде төлөм жүргүзбөгөн абонеттердин электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт жана төлөм жүргүзгөндөн кийин кайра аралыктан күйгүзүлөт.

“Андан тышкары мында мурдагыдай атаандашуу же башка факторлор жаралбайт. Мисалы, акыркы бир жылда атамдын айылдагы үйүндө учурда иним жашайт, алардын электр энергиясы 2 жолу кыркылды. Кайсы үйдө ким жашайт, кимдин кандай статусу бардыгы системага баары бир. Мен өзүм да бир кездерде инспектор болуп иштегем. Айрым учурда “биздин жарыкты өчүрдүңөр, бирок эмнеге тигинин үйүнө кире албай жатасыңар?” деген атаандашуу болчу. Азыр системада бул адамдын жарыгы өчпөшү керек деген жок, баары бирдей өчөт жана бирдей жанат. Абоненттерге келишимде канча кубаттуулук каралса, ошондой берилет. Мында демек, тең укуктуулук маселеси да сакталат”, – деди ал.