Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
18 март

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Н.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “С.” аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, аталган жаран ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 29 даана «Toyota Camry» жана 24 даана «Changan» үлгүсүндөгү автоунааларды жеткирип берүү шылтоосу менен 1 миллион 087 миң 750 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган. Акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып, качып кеткен.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган В.С. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка киргизилди.