ӨКМ Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез жардам унаасын өткөрүп берди
Саламаттык сактоо министрлиги
30 июнь

ӨКМ Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез жардам унаасын өткөрүп берди

Кыргызстандын Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез медициналык жардам унаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Унааларды тапшыруу аземине саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.

Саламаттык сактоо министри көрсөтүлгөн колдоо үчүн ӨКМдин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы унаалар медициналык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин жана калкка тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Өткөрүлүп берилген унаалар саламаттык сактоо уюмдарынын автопаркын толуктап, калкка тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.