Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды
23 февраль

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмасбек Абытов КР президентинин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.