Сүрөт ачык булактардан алынды
4 август
Айыл чарба министрлиги Ат-Башыда картошка 5-6 сомдон сатылып жатат деген маалыматты төгүндөдү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги интернет булактарында Ат-Башы районунда картошка 5-6 сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.
Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда райондо жергиликтүү картошканын жаңы түшүмү толук быша элек. Ушул себептен соода түйүндөрүндө негизинен Бишкек шаарынан алынып келинген картошка сатылууда.
Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда картошканын чекене баасы орточо 35-40 сом/кг түзөт. Интернет булактарында тараган 5–6 сомдук баа тууралуу маалымат тастыкталган жок.
Министрлик жарандарды маалыматты расмий булактардан алууга чакырат.
