Кыргызстанда 2027-жылы акылдуу эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүтөт
Кыргызстанда быйыл, 2026-жылы 390 миңден ашуун акылдуу эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Айтымында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" өлкө боюнча 1 миллион 642 абонентти тейлейт. 2025-жылы 500 миң даана акылдуу эсептегичтер орнотулган. Каржылоо Дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн: 58 миллион доллардын 33 миллиону гранттык негизде, ал эми 25 миллиону кредитке алынган.
“Кредит 38 жылга берилди. 6 жылдык жеңилдетилген мезгили бар. Жылдык пайызы – 0,75 пайыз. Бул пайыздык ченеми өтө төмөн акча каражаты. Долбоор бир гана акылдуу эсептегичтер менен камсыздоо менен чектелбейт, модернизациялоо бар. 2025-жылдагы 500 миң акылдуу эсептегичтерди орнотууга 32 миллион доллар каралган. Утуп алган компания 14 миллион 500 миң сомго бүткөрдү. Калган каражатка кайрадан сынак уюштуруп, кошумча 390 миң акылдуу эсептегичти сатып алдык. Анын биринчи партиясы келип түштү”, – деди Уларбек Дүйшө уулу.
Ал белгилегендей, дагы 250 миң акылдуу эсептегичти сатып алууга акча каражаты чечилди, учурда конкурс уюштуруу каралууда. Кореядан 125 миң даана эсептегичти акысыз алуу максатында келишим түзүлгөн.
“Ошентип, 2027-жылы өлкө боюнча бардык абоненттер акылдуу эсептегич менен камсыздалат. 2025-жылы Нарын, Талас облустары 100 пайыз бүткөрүлгөн. Ысык-Көл облусунда 20 миң даанадай калган. Аны бөлүп бердик, учурда орнотуу иштери жүрүүдө. Быйыл Чүй облусуна – 94 миң, Ош облусуна – 150 миң, Баткенге – 54 миң, Жалал-Абадга – 51 миң акылдуу эсептегич бөлүнөт. Жыл соңуна чейин Баткен, Ош, Чүй толук бүтөт. Ал эми Корея гранты Жалал-Абад облусуна каралган, ал 2027-жылдын башында келип түшөт. Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 250 миң даана алабыз, аны менен Бишкек шаарын толук камсыздайбыз”, – деди ал.
