Шайлоо-2024: Кыргызстанда жергиликтүү кенештерге шайлоо добуш берүү жүрүп жатат
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн даярдыктарды көрүү жана өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
Шайлоо күнү таңкы саат 08:00дө башталып, 20:00гө чейин уланат.
Кечээ орун-жайдан тышкары добуш берүү болду. Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо боюнча орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн 9536 арыз түшкөн.
Орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн катталган 8167 шайлоочу добуш берди.
Кыргызстан боюнча шайлоо үчүн 2437 шайлоо участкасынын эшиги ачылды жана 27 327 участкасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү ишке тартылды.
Өлкө боюнча жалпы 10 шайлоо участкасы аралыктан добуш берүү үчүн ачылды.