Бишкекте бир күндө баңгизаттын таасиринде унаа башкарган беш айдоочу кармалды
видеодон алынган кадр
23 июль

Бишкекте бир күндө баңгизаттын таасиринде унаа башкарган беш айдоочу кармалды

Ушул жылдын 22-июлунан 23-июлуна караган түнү Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана баңгизаттык мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды аныктоо максатында биргелешкен профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 517 транспорт каражаттары текшерилди.
Рейддин жыйынтыгы боюнча:
-баңгизаттык мас абалындагы белгилери бар 5 айдоочу аныкталган;
-6 айдоочу медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн;
-алардын ичинен 5 айдоочунун баңгизаттык мас абалында болгону медициналык текшерүү аркылуу тастыкталган;
-административдик укук бузуулар боюнча 22 протокол түзүлгөн;
-7 транспорт каражаты атайын айып короого токтотулган.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери айдоочулар жана жол кыймылынын башка катышуучулары менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, транспорт каражаттарын баңгизаттык же мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу маалымат беришип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоонун зарылдыгын эскертишти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктарынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Атайын тез чара көрүү отрядынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жана кинология кызматтын кызматкерлери тартылган. Рейддик иш-чараны өткөрүү үчүн борбор калаанын негизги жолдорунда, ошондой эле шаарга кирүүчү жана чыгуучу жолдордо сегиз стационардык жана көчмө посттор уюштурулган.

Рейддин негизги максаты баңгизат жана алкогол ичимдиги менен мас абалында транспорт каражатын башкарып жүргөн айдоочуларды аныктоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ошондой эле укук бузууларды жана кылмыштарды болтурбоого багытталган.