Жунушалиев шаарды көрктөндүрүү жана социалдык объекттерди куруу маселелери боюнча көчмө жыйын өткөрдү
23 июль

Жунушалиев шаарды көрктөндүрүү жана социалдык объекттерди куруу маселелери боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө коомдук жайларды көрктөндүрүү, сейил бактардын абалы жана социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Көчмө жыйындын алгачкы объектиси болуп Ала-Арча дарыясынын боюндагы Малдыбаев көчөсүнөн Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейин жана Жибек Жолу проспектине (Түштүк магистраль) чейинки аймак болду. Бул жерде борбор калаанын башчысы дарыянын жээгинде жайгашкан курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Айбек Джунушалиев сейилдөө аймагын көрктөндүрүү иштерин ага чектеш аймактарды да камтыган комплекстүү негизде жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу курулуш компанияларына тиешелүү иштерди кечиктирбестен баштоо тапшырмасы берилди.

Андан соң мэр жакынкы күндөрү реконструкциялоо иштери баштала турган Даир Асанов атындагы сейил бакка барды. Көчмө жыйындын жүрүшүндө сейил бактын инфраструктурасын жаңылоо боюнча алдыдагы иштер талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Кийинки объекттер Кыргызстан менен Азербайжандын Достук сейил багы жана «Байтик» паркы болду. Инспекция учурунда борбор калаанын башчысы ижарачылардын колдонуусунда болгон сейил бактардын абалын сынга алды. Айбек Джунушалиев жооптуу кызматтарга аныкталган бардык мыйзам бузууларды четтетүү жана аймактарды тиешелүү абалына келтирүү үчүн ижарачыларга бир жумалык мөөнөт берүүнү тапшырды. Талаптар аткарылбаган учурда белгиленген тартипте ижара келишимдерин ырастоо маселесин кароо тапшырылды.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Байтик баатыр көчөсү, 8/1 дарегинде жайгашкан Россия мектебинин курулушунун жүрүшү менен да таанышты. Учурда объектте 150 жумушчу иштеп жатат. Имараттын жалпы аянты 27 040 чарчы метрди түзөт. Долбоордо эки сүзүү бассейни бар заманбап мектептин курулушу каралган. Мектеп 1 224 окуучуга ылайыкталган.

Көчмө жыйындын акыркы объекти Аалы Токомбаев көчөсүндөгү түштүк пландаштыруу зонасында курулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектеп болду. Бүгүнкү күндө курулуш аянтчасында 165 адам эмгектенүүдө. Подряддык уюм курулуш темпин жогорулатуу үчүн жакынкы арада жумушчулардын санын 200 адамга чейин көбөйтөрүн билдирди.

Мектеп бир нөөмөттө 900 окуучуга ылайыкталган жана газ менен жылытуу системасы менен жабдылат.

Айбек Джунушалиев заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Мэр курулуп жаткан бардык мектептердин интерьерлерин долбоорлоодо балдар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу атмосфераны түзүүгө өбөлгө боло турган оптималдуу түстүк чечимдерди аныктоо үчүн психолог-адистерди тартууну тапшырды.