Көкүлов: Кыргызстанда журналисттер мафиясы пайда болду
Депутат Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттер чөйрөсүнө кайрадан кайрылуу жасады.
Ал Кыргызстанда журналисттер мафиясы пайда болгонун жана алар мыйзамды ар дайым одоно бузуп жатканын белгиледи.
“Журналистика – бул акыйкат, эки тараптуу көз караш. Журналист маалыматты так жана даана чыгарышы керек. Мен буга чейин да журналисттерге эскертүү бергем, кайрылгам, урматтуулар, мен силердин кесиптешиңермин деп. Силерге мыйзам жазылган эмеспи. Мыйзам тактык үчүн жазылган да. Аны баары бирдей сакташ керек. Көп жолу кайрылып, суранып, анан ушундай экспериментке барганга аргасыз болдум”, – деди ал.
Ал журналисттер бир ай, жарым жыл, бир жыл деген контракттар менен иштей турганын, бул көбүнчө кайсы бир адамды каралоого багытталарын айтты. Ошондой эле “Кыргызстанда бүгүнкү күндө журналист жок” деген көз карашын бөлүштү.
“Контракт менен иштесеңер, эмнеңер журналист? Мага көбү айтышты, сен журналисттерге тийишип алдың, эми сага аңчылык, чабуул башталат деп. Бирок журналисттер бир нерсени түшүнгөн жок: мен аны атайын провокация иретинде айткам. Анткени булардын мыйзам бузуучулугун ачыкка чыгарыш керек болчу, булар менен ойноп жүрө беребизби?” – деди депутат.
Ошондой эле ал өзү тууралуу чуулганды эки видеого түшүндүрмө берди. Айтымында, бири – Тоң районундагы дарыкана. Ал начар жерде жайгашкандыктан, депутат баргандан соң жакшы, санитардык шарттар сакталган жерге көчүрүлгөн.
“Бирок журналисттер аны кескилеп, “медицинадан нөл болгон депутат дарыкананы текшерди” деп жазып чыгышты. Журналистикада бурмалаганга болбойт. Экинчиси, ГАИ менен. Видеону кескилеп, өздөрүнө ылайыктуу кылып чыгарышты”, – деди Көкүлов.
