Кыргызстанда масштабдуу "Рулда" рейди башталды
2 сентябрь

Кыргызстанда масштабдуу "Рулда" рейди башталды

Кыргызстандын аймагында масштабдуу "Рулда" рейди башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Рейд 2-сентябрдан 30-сентябрга чейин уланат. Анын жүрүшүндө айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Айрыкча ылдамдыкты ашырган, агрессивдүү айдаган жана транспорт каражаттарын спирттик ичимдик ичкен абалда башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат.

Ушуга байланыштуу ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.