Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Санжар Нурланов каза болгон абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, өспүрүмдүн сөөгү кароодон өткөрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, денесинен көзгө көрүнгөн жаракаттар табылган эмес.
Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Эске салсак, өспүрүм 4-апрелде дайынсыз жоголгон. Ал саат 18:00 чамасында Бишкек шаарындагы Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде анын апасы укук коргоо органдарына кайрылып, жоголгондугу тууралуу арыз жазган
