
Кыргызстан Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
"Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.