Саламаттык сактоо министрлиги коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча аймактык тегерек столдордун сериясын өткөрүүдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн бардык облустарында «Кыргызстандагы коомдук саламаттык сактоо: жетишкендиктер, инновациялар жана келечек» аталышындагы тегерек столдордун сериясын өткөрүүдө. Иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук саламаттык сактоо тутумунун, билим берүү жана илимий чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирип, калктын ден соолугун чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.
Тегерек столдордун негизги максаты — тармактар аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, алдын алуу программаларын өркүндөтүү жана аймактардагы ийгиликтүү тажрыйбаларды алмашуу.
Өзгөчө көңүл Саламаттык сактоо министрлигинин «40 район, 40 долбоор, 40 кадам, 40 чечим» демилгесин ишке ашырууга бурулууда. Демилге ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүүгө, профилактикалык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана аймактык деңгээлде коомдук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуулардын жүрүшүндө райондордун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктарын сунуштап, учурдагы көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүү жолдорун сунушташууда. Талкуулардын жыйынтыгында сунуштамалар иштелип чыгып, демилгени ишке ашыруунун жана аймактарда коомдук саламаттык сактоону чыңдоонун мындан аркы багыттарын аныктаган резолюциялар кабыл алынат.
Тегерек столдорду өткөрүү калктын саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келет. Алар Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында уюштурулууда.
Аймактардагы талкуулардын жыйынтыгы жалпыланып, 2026-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтө турган кеңейтилген жыйында сунушталат.
Тегерек столдордун сериясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.
