Даниэл Ажиев кайрадан кармалды. Окуянын чоо-жайы
6 март

Даниэл Ажиев кайрадан кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ушул жылдын 6-мартында болжол менен саат 12:20 чамасында Чүй облусунун ИИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын айланма автожолунда жаран Даниэл Ажиев кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Бул факт боюнча Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Д. Ажиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.