Бишкекте Бажы кызматынын имараты өрттөнүүдө
КР ӨКМ
6 март

Бишкекте Бажы кызматынын имараты өрттөнүүдө

Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты жана штаб тартылды.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Үсөн уулу барып, өрттү өчүрүү иштерин түздөн-түз жетекчиликке алууда.

​Учурда өрттү чектөө жана толук өчүрүү аракеттери көрүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.