Кыргызстан менен “Lokman Hekim” клиникалар тармагынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу талкууланды
13 июнь

Кыргызстан менен “Lokman Hekim” клиникалар тармагынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу талкууланды

2025-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Р. Казакбаев жеке менчик клиникалар тармагы болгон «Lokman Hekim» компаниясынын башкы директору Сулейман Алпер Инжегөз менен жолугушуу өткөрдү.

«Lokman Hekim» клиникалар тармагы — Түркия боюнча 10 филиалы бар көп тармактуу медициналык мекемелерди камтыйт. Мындан тышкары, аталган клиникага караштуу жогорку окуу жайы да бар, ал өлкөнүн борбору Анкара шаарында жайгашкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарын дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Айрыкча, «Lokman Hekim» клиникасынын филиалын Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Элчи Р. Казакбаев заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо секторуна инвестиция тартуу Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында активдүү диалогду улантуу боюнча макулдашышты.