Башкы прокуратура өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарды Польшага экстрадициялады
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен өз ара аракеттенүүдө эл аралык издөөдө жүргөн эки адамды Польша Республикасына экстрадициялоону камсыз кылды.
Экстрадицияланган адамдар Польшанын соту тарабынан адам өлтүрүүгө аракет кылуу, каракчылык, опузалап талап кылуу, сойкулукту уюштуруу, ошондой эле ири көлөмдөгү баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген куралдуу уюшкан кылмыштуу топтун ишмердигине байланыштуу бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы трансчегаралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташууну мындан ары да улантат.
