Кубанычбек Тургунбаев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды
видеодон алынган кадр
23 июль

Кубанычбек Тургунбаев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Кубанычбек Тургунбаев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн, 23-июлда министрдин жаңы орун басары жалпы жамаатына тааныштырылды. 

Кубанычбек Жээналиевич Тургунбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган.

2006-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргызстан университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштап, 2021-жылга чейин аталган мекемеде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2022–2024-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын «Кумтөр» кениндеги коопсуздук кызматынын башчысы кызматында иштеген. 2024–2026-жылдары «Азия Имарат» ЖЧКсынын башкы директору кызматын аркалаган.

Мамлекеттик кызматтагы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.