Кыргызстанга мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы үчүн үчүнчү учак келди
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына Dash 8 Q400 учагы келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, бул компания тарабынан сатып алынган үчүнчү учак болуп саналат. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдө аба каттамдарын жандандыруу боюнча жүрүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашууда.
Dash 8 Q400 – заманбап, ишенимдүү жана үнөмдүү учак, 80 жүргүнчүгө чейин батат. Өзүнүн мүнөздөмөлөрүнүн аркасында ал Кыргызстан үчүн эң ылайыктуу аймактык учак болуп саналат, анткени республикада ири шаарлардын ортосунда гана эмес, өлкөнүн алыскы аймактары менен да байланыш абдан маанилүү.
