
Антисанитария: Курулуш компанияларына жана чарба субъекттерге айып салынды
Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн бир катар чарба субъекттерге жана курулуш компанияларына айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча жанаша аймагындагы таштандыны тазалабагандыгы үчүн протоколдор түзүлдү:
- Алсак, И. Ахунбаев көчөсү 207; “Исман” ЖЧКсы;
- Циолковский көчөсү; 30 “Борсан Констракшн” ЖЧКсы;
- Т. Кулатов көчөсү 5 “Банк Азии Курулуш";
- Нуркамал жана Жетикашка көчөсү; "Giraffe" кофейнясы.
КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115- беренесинин 2- бөлүгү боюнча айып пул алгандар:
- Малдыбаева көчөсү; 7а “Нур Строй Монтаж” ЖЧКсы;
- М. Горкий көчөсү; “Тисса” ЖЧКсы;
- Саадаев көчөсү 586/1 "Золотое руно";