Электросталдагы окуядан кийин Кыргызстандын жарандарына байланыштуу кырдаал көзөмөлдө
Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасында 2026-жылдын 18-июлунда болгон кырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, Россия Федерациясынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө.
Кырсыктын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын аныктоо жана алардын абалы тууралуу маалыматтарды тактоо максатында Өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ошондой эле Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү бөлүмүнө жана жабыркаган жарандар жеткирилген медициналык мекемелерге барышты.
Ошондой эле аталган кампа объектисинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан бардык болгон маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин (ишеним телефондорунун) байланыш номерлери берилди.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 2 жараны медициналык мекемелерге жаткырылган, алардын бири дарылануудан өткөндөн кийин ооруканадан чыгарылган.
Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте Россия Федерациясынын компетенттүү мамлекеттик органдары менен туруктуу байланышта болуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын көзөмөлдөөнү жана аларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү улантууда.
