Бишкекте 13 жаштагы окуучу кыздын өлүмү иликтенүүдө
2 сентябрь

Бишкекте 13 жаштагы окуучу кыздын өлүмү иликтенүүдө

Бишкекте каргашалуу окуя катталды: 13 жаштагы окуучу кыз өз өмүрү кыйды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан кабарлашты. 

Милициянын маалыматына таянсак, 2-сентябрда саат 06:30да "102" кызматына Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында болжол менен жашы 15:20дагы кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. 

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, жерине тергөө-ыкчам тобу барган.

Маркумдун өздүгү такталган, ал 2012-жылы туулган Ж.Ж.