Бишкекте качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын экономикалык интеграциясы талкууланды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Азия-Тынч океан аймагы боюнча жашоо-тиричилик жана экономикалык интеграция маселелери боюнча улук регионалдык кызматкери, айым Дамла Бююкташкын менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандагы качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын экономикалык интеграциясы болду.
Тараптар бул багыттагы учурдагы чакырыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.
