Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, комада жаткан төрт жашар кыз эсине келди
10 апрель

Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, комада жаткан төрт жашар кыз эсине келди

Бишкектин Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулап, ооруканада комада жаткан төрт жашар кыз эсине келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө баланын абалы турукташып, дарылоо жана дарыгерлердин көзөмөлү уланууда.

Эске салсак, 2026-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда 27 жаштагы келин эки баласы менен алтынчы кабаттан кулап кеткен. Аял окуя болгон жерде мерт болгон. Ал эми 2025-жылы төрөлгөн кичүү наристе алган оор жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган.

2022-жылы төрөлгөн улуу кызы оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда ал эсине келип, комадан чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, баланын абалы туруктуу бойдон калууда