Ош шаарында турак жайы бузулган ондогон жарандар жаңы үй менен камсыз болушту
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 29-инюнда Эне-Сай жаңы конушуна барып, жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу турак жайлары бузулуп, компенсация катары жаңы үй менен камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен жеринде таанышты.
Шаар башчысы жаңы үйлөргө көчүп барган тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле тиешелүү кызматтарга инфраструктуралык маселелерди өз убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди.
Жолугушууда шаар мэри жолду кеңейтүү долбоорлору шаар үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын айтты.
«Суук түшкөнгө чейин турак жайы толук алынган бир дагы үй-бүлө үйсүз калбашы керек. Бул биздин негизги милдет. Ар бир жаран өзүн коопсуз жана ыңгайлуу шартта сезиши үчүн бардык иштерди аягына чыгарабыз», – деди шаар мэри.
Эне-Сай жаңы конушундагы турак жайлар жолду кеңейтүү долбоорлорунун алкагында турак жайы алынган жарандарга мыйзамда каралган компенсациянын негизинде берилүүдө.
Учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай жаңы конушуна көчүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй бүлө кенемтесин алат.
