Ош облусунда беш күн катары менен унаа кыймылына чектөө киргизилет. Себеби
Ош ОИИБ
10 апрель

Ош облусунда беш күн катары менен унаа кыймылына чектөө киргизилет. Себеби

Ош облусунун айрым аймактарында 10-15-апрель күндөрү унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бир күндөрү министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат.

Төмөндө чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:

  • 10-апрель күнү Ош шаарында;
  • 11-апрель күнү Араван районунда;
  • 12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
  • 13-апрель күнү Ноокат районунда;
  • 14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
  • 15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.