Жумушка алуу үчүн сыноо мөөнөтү кандай?
20 сентябрь

Жумушка алуу үчүн сыноо мөөнөтү кандай?

Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сыноонун мөөнөтү 3 айдан ашпоого, ал эми уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, башкы бухгалтерлер жана алардын орун басарлары, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдун башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн 6 айдан ашпоого тийиш.

Сыноо мөөнөтүнө  кызматкер ишинде  иш жүзүндө жок болгон мезгил эсептелбейт.

Сыноо 18 жашка толо элек, акы төлөнүүчү ишке шайлануучу кызмат ордуна шайланган, тиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча шайланган, иш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка жумуш берүүчүдөн которулган адамдар үчүн белгиленбейт.

Эгерде кызматкер сыноодон өтпөсө, келишим себептерин көрсөтүү менен 3 күндөн кечиктирилбестен бузулушу мүмкүн.