Күзөт кызматынын кызматкерлери 1 жаштагы балага ыкчам жардам көрсөтүштү
2026-жылдын 9-апрелинде саат 16:10 чамасында Ош шаарында кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине бир жаран кайрылган. Анын айтымында, 1 жаштагы баласы тыйын жутуп алып, дем алуусу кыйындап калган.
Кызматкерлер кырдаалга ыкчам реакция жасап, баланы кыска убакыттын ичинде Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен. Ал жерде балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлерге өткөрүлүп берилди.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана туура аракеттеринин натыйжасында баланын өмүрүнө коркунуч жараткан оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүн болду.
Күзөт кызматы жарандарды өзгөчө кырдаалдарда кечиктирбестен тиешелүү кызматтарга кайрылууга чакырат.
