Ошто кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү
Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 25-сентябрда “5-октябрь - Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан практикалык иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чарага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев да катышты.
Мэр өз сөзүндө кырсыктардын кесепетин азайтуу ар бир жарандын жоопкерчилигине да байланыштуу экенин айтып, коомчулукту кырсыктардын тобокелдигин азайтууда биримдикте аракеттенүүгө чакырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө куткаруучулар табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктар катталган учурда аткарылчу ыкмаларды көрсөтүшүп, борбордук аянттан КР ӨКМнин атайын техникалары өттү.
