Курулуш министрлиги: Курулуш лицензиясын бир күндө ортомчуларсыз онлайн алууга болот
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жарандарды курулуш лицензиясын ортомчусуз, мыйзамдуу жол менен алууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы учурда социалдык тармактарда “Даяр лицензия сатылат”, “Лицензияны тез алып беребиз” деген сунуштар кездешүүдө. Мындай сунуштарга ишенүү олуттуу тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө лицензия алуу процесси толук санариптештирилген. license.minstroy.gov.kg электрондук платформасы аркылуу документтерди онлайн тапшырууга болот. Бардык талаптар аткарылган учурда лицензия онлайн форматта бир күндүн ичинде берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, лицензия сатылуучу же башка жакка өткөрүлүп берилүүчү объект болуп саналбайт. Лицензия аны алган субъектке гана таандык.
Эгерде лицензия мыйзамсыз жол менен алынганы аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлүп, кара тизмеге киргизилет.
