Бишкекте ата-энесинин унаасын айдап чыккан өспүрүм кармалып, 70 миң сом айып салынды
Бишкекте ата-энесинин унаасын айдап чыккан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, инспекторлор тарабынан өспүрүм башкарып бара жаткан унаа токтотулган. Бирок ал кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, из жашырууга аракет кылган.
Өспүрүм кармалгандан кийин да качууга жана унаанын ачкычын жашырууга аракет жасаган.
Автоунаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү протокол толтурулган соң 70 миң сом айып салынган.
