
Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти — делегациянын курамы
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстан Республикасына жөнөп кетти.
Расмий делегациянын курамындагылар:
- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев.