Спикер: Президенттен, генералдан бата алуу деген болбойт, батаны бир гана эл берет
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу депутаттыкка болочок талапкерлерди шайлоону таза атаандаштык менен өткөрүүгө чакырды.
“Мурдагыдай кылган болбойт. Биз элдин ишенимине программабыз, кылган ишибиз менен ээ болушубуз керек. Добуш сатып алуу фактылары катталса, катаал жоопкерчиликке тартылат”, – деди ал.
Ал ошондой эле, коомчулукта “кайсы бир талапкер президенттин, төраганын, генералдын батасын алыптыр” деген сөздөр жүрүп жатканын эстетип, анын баарын четке какты.
“Бул сөздөр чындык эмес. Президент да, төрага да, генерал да бата бербейт. Батаны бир гана эл берет”, – деди ал.
Спикер болочок талапкерлерге “шайлоо бир айга гана созулаарын, ал эми адамгерчилик түбөлүктүү” экенин айтып, “кара пиар менен алектенбөө” керектигин эскертти.
“Өткөндөн сабак алып, бирөөнү сүрөп, бирөөгө атайылап бут тосуп, шайлоонун жыйынтыгын ызы-чуу менен коштотпойлу. Бүгүнкү бийлик таза, адилет шайлоону көздөйт. Парламенттин бийик трибунасынан кыргыз элине кайрылам: эл кимди тандаса, ошого макул бололу. Кара пиар менен алектенип, кадырды кетирбейли, шайлоо бир айлык жарыш, а адамгерчилик түбөлүктүү”, – деди.
Айтымында, 8-чакырылыштын депутаттары келип, ант бергиче, 7-чакырылыштын бардык ыйгарым укуктары сакталат.
“Эгерде өзгөчө кырдаал жаралса, ЖК төрагасы катары ошол заман кезексиз сессия чакырууга укугум бар. Биз аракеттеги парламент болуп кала беребиз”, – деди Тургунбек уулу.
