Бишкекте аз камсыз болгон 263 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү
Бишкекте аз камсыз болгон 263 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү, деп билдирет муиципалитеттин басма сөз кызматы.
Ар бир үй-бүлөгө эң керектүү азыктарды камтыган 50 кг азык-түлүк топтому берилди.
Аталган иш-чарага президенттин администрациясынын жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.