Пиротехникалык буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы көзөмөл күчөтүлдү
15 декабрь

Пиротехникалык буюмдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы көзөмөл күчөтүлдү

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги пиротехникалык буюмдардын мыйзамсыз сатылышына жана колдонулушуна каршы көзөмөлдү күчөтүү боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Иш-чаранын максаты – жарандардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жана сапатсыз пиротехникалык буюмдарды пайдалануунун кесепетинен келип чыгышы мүмкүн болгон өрт, жаракат жана башка кооптуу кырдаалдардын алдын алуу болуп саналат.

ИИМдин аймактык ички иштер органдары тарабынан базарларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук жайларда мыйзамсыз түрдө сатылып жаткан пиротехникалык буюмдарды аныктоо жана тартипке келтирүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, Ички иштер министрлиги жарандарды пиротехникалык буюмдарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого, сертификаты жок, сапаты күмөндүү буюмдарды сатып албоого жана мыйзамсыз сооданын катышуучусу болбоого чакырат.

Эске салабыз: мыйзамсыз пиротехникалык буюмдарды сатуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылууга алып келет.