Манас шаары "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында 1-орунду жеңип, 3 млн. сом сыйлыкка ээ болду
Сыйлыкты тапшыруу аземи бүгүн, 10-ноябрь күнү, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумунда орун алды. Сыйлыкты форумдун жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковго тапшырды.
Белгилей кетсек, ️Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагында Манас шаары биринчи орунду жеңип, 3 млн. сом сыйлыкка ээ болду. Ал эми аталган сынакта Нарын шаары экинчи орунду ээлеп 2 млн. сом, Кара-Көл шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 млн. сомго ээ болду.
Эске салсак, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сыйлык катары каралган 3 млн. сом кайра эле балдарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында пайдаланыла тургандыгын белгилеген. Тагыраагы, ал каражатка мэриянын карамагындагы "Алтын балалык лагерине" кошумча коттедждер курулат. Аталган лагерде жыл сайын 200дөн 300гө чейин аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, камкорчуларынан ажыраган балдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен акысыз эс алып келишет.
