Туманбаев буга чейин айдоочулук күбөлүктү берүүдө эбегейсиз коррупция болгонун жана ага аралашкан кызматкерлерди тазалоо талабын койду
11 ноябрь

Туманбаев буга чейин айдоочулук күбөлүктү берүүдө эбегейсиз коррупция болгонун жана ага аралашкан кызматкерлерди тазалоо талабын койду

Президенттин Иш башкармасына караштуу Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда жамааттык жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал эң биринчи кезекте борбордо коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, тартип бузууларга жол берген кызматкерлерди кызмат ордунан бошотуу жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкты камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунда өткөн иш-чарага борбордун директору Саидов Т.М., анын орун басарлары жана борбордук аппараттын бардык кызматкерлери катышты. Ошондой эле видеоконференция форматында Чүй–Бишкек жана өлкөнүн бардык 39 аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн түрүндө кошулушту. Жолугушууда борбордун ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.

Анын ичинде:
• айдоочуларды окутуу тутумун реформалоо жана автомектептердин окутуу сапатын жогорулатуу;
• экзамендик суроолорду үч айда бир жаңыртуу механизминин ишке киргизилиши;
• кызмат көрсөтүүдө ачык-айкындыкты камсыздоо, «под ключ» өңдүү мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу жана коррупцияга каршы турууну күчөтүү;
• иш процесстерин санариптештирүү жана ички башкаруу системасын автоматташтыруу;
Мындан тышкары, автопарк жана автодром менен жабдылган жаңы административдик имараттын курулушу тууралуу маалымат берилди. Объектти келерки жылдын башында пайдаланууга берүү пландалууда.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, жүргүзүлүп жаткан реформалардын максаты -борбордун ишинин сапатын жогорулатуу, ачык-айкын жана эл ишенген мамлекеттик система түзүү. Ал ар бир кызматкерден адилет, таза жана жоопкерчиликтүү иш алып барууну талап кылып, коомдун ишенимин актай билүү өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында борбордун ишин өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилип, артыкчылыктуу багыттар аныкталды.