Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү
25 сентябрь

Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү

Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жастин Ткаченко менен жолугушту.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2025-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Министрлер эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда ведомстволордун башчылары өз ара пайдалуу диалогду улантуу үчүн үзгүлтүксүз байланышты улантууга макулдашышты.