Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт
сүрөт: depositphotos.com
7 сентябрь

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү индексацияланат. Тиешелүү токтомго министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, пенсияларды индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө белгиленди. Башкача айтканда, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйөт.

Ошол эле учурда индексациянын жыйынтыгындагы пенсиянын өсүшү 10 миң сомдон ашпоого тийиш.

Мындан тышкары, базалык бөлүктү жеткирүү үчүн кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен пенсиянын жалпы өлчөмү 8 миң 800 сомдон кем болбошу керек.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.

Токтом Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды индексациялоо боюнча 2026-жылдын 10-августундагы президенттин жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.