Садыр Жапаров Индиянын премьерине жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.
Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске сала кетсек, Ахмедабад (Гуджарат штаты, Индия) шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагы кыйраган. Кырсык 12-июнда катталды.
Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон.
Алдын ала маалыматтарга карата жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин КР жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес.
