«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда кабыл алынды
18 июнь

«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова тааныштырды. Ага ылайык, кремацияны колдонууга байланышкан уюштуруучулук, социалдык-маданий жана башка маселелерди кошумча талдоо, ошондой эле бул тармакты укуктук жөнгө салуунун комплекстүү механизмин иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө » мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтото туруу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев көрүстөндөрдү талаптагыдай кайтаруу жана көмүлгөн жайларды кылмыштуулуктан коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин көтөрдү. Депутат Камила Талиева жарандардын сөөк коюу үчүн жер тилкелерин алууда туш болуп жаткан көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бул маселенин социалдык мааниси жогору экенин белгиледи. Ал эми депутат Уланбек Жаанбаев кремация тажрыйбасын киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени көтөрүп, өлкөдөгү негизги диний конфессиялардын бул маселеге карата пикирине кызыкты.