“7-чакырылыш тарых жасады”: парламент өзүн-өзү таркатты
Жогорку Кеңеште парламентти өзүн-өзү таркатуу боюнча токтом долбоору колдоого алынды. Ага 84 депутат “макул” деген добуш берди.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу 7-чакырылыш тарых жасаганын белгиледи.
“Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери парламент эч качан өзүн өзү таркатпаган. Бул чечимибизге эч кандай сырткы күчтөр, президент же анын администрациясы же башка бир укук коргоо органдары аралашкан жок. Бул парламенттин ички чечими болду.
Мен парламенттин төрагасы катары ушул демилгени көтөргөн 32 депутатка элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын, туруктуулугун, өсүп-өнүгүшүн биринчи орунга койгону үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, колдоого алган 84 депутатка.
Биздин дагы бир жыл отурууга мүмкүнчүлүгүбүз жетмек. Бирок ага карабай, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койдук. Бирок коомчулукта ушундай жакшы кадамды, жакшы ниетти жаман жакка бургандар да чыгып жатат. Эгерде алардын да жүрөгү Кыргыз мамлекети, кыргыз эли деп соксо, мындай сөздөрдү айтышпайт эле”, – деди төрага.
Айтымында, парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленет.
