Нарматова парламентти таратуу боюнча демилге көтөргөн 32 депутатка: Кеткиңер келсе, өзүңөр эле арызыңарды жазып кете бербейт белеңер...
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова парламентти таратуу демилгеси тууралуу пикирин айтты.
Ал ошол демилгени көтөргөн 32 депутаттын алды парламентке 2 жыл мурда келсе, арты мандат алганына араң гана жарым болгонун белгиледи.
“Келе калып эле, кетебиз деп демилге көтөргөнү абдан туура эмес иш болуп, коомчулукта түрдүү ойлорду жаратып жатат. 3 вице-спикер, 6 комитет жетекчилери кетебиз деп жатышат. Парламенттин ичиндеги карапайым депутаттар мүмкүнчүлүк берип, көкөлөтүп төргө отургуздук эле, эми кетем деп жатышканы таң калыштуу болуп жатат да. Кеткилери келсе, арыздарын жазып кете беришсе болбойт беле, алардын артында кезегин күтүп жүргөндөр депутат болуп келе беришмек. Бул чакырылыштын иштегенине 4 жыл да толо элек, толук, жакшы иштеп коюп кетсек болот эле”, – деди депутат.
Ал арада депутаттын убактысы аягына чыкты, кошумча убакыт сураганда, спикер Нурланбек Тургунбек уулу нааразыланды:
“Сизге, Надира айым дайыма убакыт жетпей калат. Ошондуктан, азыраак сүйлөп, ток этер жерин айтпайсызбы?!”
“Ток этерин эле айттым. Эми макул, ушунча болуп калды, бул демилгени колдоп берем. Бирок кете турган болгондон кийин июль-августта эс албай эле, шайлоо өткөрүп, сентябрда келип отуруп калсак болот болчу. Демилге көтөргөндөр элдин алдына кантип добуш бергиле деп барасыңар? Кудайдын, шайлоочулардын алдындагы моралдык жоопкерчилигиңерди ойлоп койгула!” – деди анда Нарматова.
Буга Улан Примов:
“Мага бааны сиз бербейсиз, шайлоочуларым берет”, – деп жооп берди.
