Примов “кайрадан шайланып келсек, толук кандуу парламент болуп ишенимдүү отурабыз” дейт
Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-сентябрындагы жыйынында парламентти өзүн өзү таркатуу боюнча демилге жалпы депутаттардын талкуусуна коюлду.
Баяндамачы Улан Примов өлкөдөгү саясий туруктуулукту сакташ үчүн ушундай кадамга баруунун зарылчылыгын белгиледи.
Депутат Дастан Бекешев спикер Нурланбек Тургунбек уулуну ыраазычылыгын билдирди.
“Төрт жыл чогуу иштештик. Мага дайыма, мен экинчи болуп сөзгө жазылсам дагы, биринчи сөз берип жүрдүңүз”, – деди.
Ошондой эле, ал президентке, УКМК төрагасына, депутаттарга, шайлоочуларга ыраазычылык билдирип келип, “7-чакырылыштын эсебинен акыркы суроосун” берди:
“Шайлоочулар айтып жатышат: эмнеге Жогорку Кеңешти биз кетсин дегенде кетишпейт дагы, биз калсын дегенде кетип жатышат? Ушул дагы түшүнүксүз болуп калды да”.
Улан Примов шайлоочулардын биринен дагы мындай өтүнүчтү укпаганын белгиледи:
“Парламент кайрадан элдин элегинен өтүп келсек, толук кандуу парламент катары ишенимдүү отурганыбызга шарт түзүлөт. Депутатка эч ким баа бере албайт, бир гана шайлоочу баа берет”.
А Дастан Бекешев 2021-жылдагы шайлоодо колдогону үчүн шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, “бул жолу да колдошобу же колдошпойбу, аны шайлоо көрсөтөөрүн” кыйытты.
